www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алгачкы жолу уюштурулган кесипкөй бокс лигасы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандан катышкан жети мушкердин алтоосу жеңишке жетишти.
Иш-чараны уюштурган Кесипкөй бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде турнирдин жыйынтыктары жана анын уюштурулушу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал белгилүү америкалык боксчу Эвандер Холифилддин Кыргызстанга келиши боюнча айтылып жаткан маалыматтарга токтолуп, ага ири суммадагы гонорар төлөнгөн эмес экенин билдирди.
Атазовдун айтымында, мындай деңгээлдеги кесипкөй бокс турнирин өткөрүү өлкөдө биринчи жолу ишке ашып, келечекте аны салттуу түрдө уюштуруу пландалууда.