www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-августунан тартып «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы айрым ички каттамдар боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизет.

Өзгөртүүлөр 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда күйүүчү майдын наркынын иш жүзүндө 32%га жогорулашына байланыштуу киргизилди, күйүүчү май авиациялык ташуулардын өздүк наркынын негизги түзүүчү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу, аба кемелерин коопсуз пайдалануу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын сактоо максатында авиакомпания колдонулуп жаткан айрым тарифтерди кайра карап чыгууга аргасыз болду.

2026-жылдын 1-августунан тартып бир тарапка авиабилеттердин баасы төмөнкүдөй болот:

  • Бишкек – Ош – Бишкек — 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин (бир тарапка);
  • Бишкек – Манас – Бишкек — 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин (бир тарапка).

Авиабилеттин акыркы баасы сатып алуу күнүнө, каттамдын жүктөлүшүнө жана тиешелүү тарифтик класс боюнча бош орундардын жеткиликтүүлүгүнө жараша аныкталат.

Тарифтердин өзгөрүшүнө карабастан, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы жеткиликтүү авиаташуулар саясатын карманууну улантып, Кыргызстандын ички каттамдар тармагын ырааттуу өнүктүрүп, өлкөнүн аймактарынын ортосунда ишенимдүү аба байланышын камсыз кылууну улантат.

Актуалдуу тарифтер боюнча авиабилеттерди www.asmanairlines.kg расмий сайтынан жана Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.

Последние новости