www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия Украинанын Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн кийинки этабын кайрадан бөгөттөдү. Бул тууралуу Financial Times басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Будапешт Украинанын бирдиктүү рынокко интеграциясы жана экономикалык-социалдык саясат боюнча эки сүйлөшүү кластеринин ачылышына макулдук берген жок.

ЕБге кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн ар бир этабын баштоо үчүн уюмга мүчө 27 өлкөнүн бир добуштан колдоосу талап кылынат. Венгриянын өкмөтү Украинанын Батыш Балкан өлкөлөрүнө караганда артыкчылыкка ээ болушуна каршы экенин билдирүүдө.

Ошол эле учурда Брюссель маселени саясий диалог аркылуу чечүүгө үмүт артып, Ирландия сүйлөшүүлөргө коюлган бөгөттү тез арада алып салууга чакырды.

Последние новости