www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Асман Эйрлайнс" 9-июлдагы окуя боюнча расмий билдирүү жасады.

Бишкектен Раззаковго багыт алган MN61 каттамын аткарып жаткан учакта экипаж техникалык индикацияны аныктаган. Өндүрүүчүнүн талаптарына ылайык, учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында стандарттык процедуралар аткарылып, учак кайрадан Бишкекке кайтарылган.

Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунун бардык кызматтары белгиленген тартипте иш алып барып, мындай учурларга каралган кызматтар алдын ала даярдыкка келтирилген. Компания жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгилеп, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жүргүнчүлөрдүн түшүнүү менен мамиле кылганына ыраазычылык билдирди.

Техникалык индикация - бул кандайдыр бир жабдуунун, системанын же процесстин учурдагы абалын көрсөткөн маалымат же белги. Ал колдонуучуга же операторго түзмөктүн кандай иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берет.

Эске салсак, 9-июлда эртең менен Бишкек–Раззаков багытындагы учак техникалык себептен улам кайра Бишкекке кайтууга аргасыз болгон.

Последние новости