www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн суусундагы таштандылар тазаланып жатат

Социалдык тармактарда Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун таштандыга толуп калганы тууралуу видео тарагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар тазалоо иштерин баштады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, учурда аймакта Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы биргелешип тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн суусундагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, жарандар мыйзамсыз таштаган тиричилик таштандылары агын суу аркылуу агып келип, жээктерге жана айрым тилкелерге топтолуп калганы аныкталган.

Мындан тышкары, адистер жергиликтүү тургундар арасында айлана-чөйрөнү таза сактоо, тиричилик таштандыларын атайын белгиленген жайларга чыгаруу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү эскертүүлөрдү беришүүдө.

Последние новости