www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерине курулуп жаткан «Ай-Жылдыз» (Ay Yıldız) биргелешкен аскердик штабын тааныштырды.

Түркиянын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин айтымында, жаңы комплекс Башкы штаб менен бардык аскердик күчтөрдүн командалык түзүмдөрүн бир жерге бириктирип, чечим кабыл алууну тездетет жана биргелешкен операциялардын натыйжалуулугун жогорулатат.

«Ай-Жылдыз» заманбап байланыш жана коопсуздук системалары менен жабдылып, «Болот калкан» (Çelik Kubbe) абадан жана жерден коргонуу системасы аркылуу корголот. Түрк тарап бул объект дүйнөдөгү эң ири аскердик башкаруу борборлорунун бири болорун билдирүүдө.

Последние новости