www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы «Элит Хаус» курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиевге кылмыш иштери козголгону, издөөгө алынганы, кийин кармалып, андан аркы иши бүдөмүк тартып кеткени белгилүү.

Эми жерден жик чыккандай эле бул жигит пайда болуп, «Асман» шаарын кура турганын жар салды. Таңгалычтуу! Кыргызстанда баары башаламандык таризинде аралаша береби?

Бюджети 20 миллиард долларлык, 1 миллион калк жашай турган экокалаа инвесторлор тарабынан курулат экен. Дал ушундай ири долбоорду кечээ оор кылмыштарга шектелген, коррупцияга айыпталган Тимур Файзиев жетектесе, эл аралык алкакта кандай бааланат?

Келе турган инвесторлор деле ишенишпейт го? Же «Асман» шаарын куруу жон эле жөө жомок, утопиябы?

Ар ким атын чыгаруу үчүн ойдон чыгарылган пиар беле? Айтор, түшүнбөйсүң. Эгерде кыргыз эли үчүн олуттуу, түптүү иш болсо, мындай «шайкелен» мамиле жасалбайт беле...

Булак: Азия News гезити

Последние новости