www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу мен өлкөнүн айрым аймактарында белгилүү бир убакыт аралыгы менен интернет байланышын күйгүзүү чечимин кабыл алдым», - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда.

Ал бул чечим өлкөнүн жашоосуна оң таасирин тийгизет деп ишенет.

«Бирок мен эскертип кетем, интернетке бекер кирүү деген жалган жалааларды, мазактоолорду, чакырыктарды бекер жайгаштыруу эмес. Эгерде мындай материалдар пайда болсо, биз алардын авторлорун аныктап, жазага тартуу чараларын көрөбүз», - деди ал.

Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу уланууда. Бүткүл өлкө боюнча интернет маал-маалы менен өчүрүлүп турат, ЖМКлар иш жүзүндө иштебейт.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости