www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-январда казак тараптын демилгеси менен Чүйдөгү “Кордай” ( “Ак-Жол”), “Карасу” (“Ак-Тилек”) жана Ысык-Көлдөгү “Кеген” (“Каркыра”) чек ара бекеттери жабылды. Казак тарап чек ара бекеттеринин убактылуу жабылуусун Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей калганы менен байланыштырды.

Буга чейин “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганы маалымдалган.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка " өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатышат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды. Учурда чек арада транспорт каражаттарынын тыгыны жок.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик "контртеррористтик операция" жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости