www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асмандаган бензин, кымбатчылыктан айласы куруган эл...

Учурда бензиндин баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттап кетти. Бир литр бензиндин эң арзаны 65 сомго чыкса, эң кыбаты 80 сомго чейин жетип калды. Мындай темп менен жакынкы аралыкта дагы кымбаттаса бир литр бензин бир долларга (88 сом) барабар болот.

Мына Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу каражаттарды Кыргызстанга өткөрбөй жатканын маалымдап, 20 күндөн кийин өлкөдө бензиндин тартыштыгы жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматта: "Казакстандын темир жолу аркылуу келген күйүүчү май боюнча маселеге тынчсызданып жатабыз. 1-сентябрдан тарта "Казакстан темир жолу" белгисиз себептер менен ташуунун айлык планын макулдашууну токтотту. Бул боюнча расмий билдирүү дагы болгон эмес", — деп айтылат.

Буга байланыштуу маселе өкмөттөр аралык деңгээлде чечилиши керектиги кошумчаланды.

Эске салсак, Кыргызстан күйүүчү майдын көп бөлүгүн Россиядан Казакстан аркылуу транзит менен алат.

Жергиликтүү Нефтетрейдерлер "Кыргыз темир жолу" менен биргеликте маселени чечүүгө аракет жасап жатат. Бирок октябрь айына карата белгиленген пландардын бардыгы "Казакстан темир жолу" тарабынан жокко чыгарылган.

Какаганга муштаган дегендей, Транспорт министрлиги жолдорду оңдоп-түзөө үчүн айдоочулардан акча жыйноо жагын караштырып жатканы айтылууда. Башкача айтканда, май куючу жайлардан бензиндин ар бир литринен белгилүү бир өлчөмдө акча алынат. Бул дегендик, ким көп жол жүрсө, көп бензин сараптаса, ошончо төлөйт дегенди билдирет. Мына ушунун өзү элге түшкөн түйшүк.

Айтмакчы, бензин кымбаттаса башка товарлардын дагы баасы өсөт. Өндүрүлгөн азык-түлүк, товардын наркы көтөрүлөт. Ансыз деле ушул тапта баары эки-үч эсе кымбат. Эл кантип күн көрөт?..

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости