www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош базарын шаардын сыртына жылдыруу үчүн жер маселесин мэрия буга чейин чечкен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айланма жолдун жанынан 160 гектар жер бөлүнгөн.

"Ош базары менен "Сары-Өзөн" базарын шаардын сыртына көчүрүүнү пландап жатабыз, жер маселеси чечилди: Фучик көчөсүнөн айланма жолго жеткенге чейин 160 гектар жер бөлүнгөн. Долбоорлоо иштери болот, ал эми эмдиги жылы жазында базарларды көчүрөбүз. Ал жакка шаардан автобустар каттайт", - деди ал.

Мэр базар ээлери менен сүйлөшкөнүн, алар мындай демилгеге каршы эместигин белгиледи.

Мэр ошондой эле базар көчүрүлгөн учурда бошогон аймактар ​​жана имараттар боюнча пландары менен бөлүштү. "Кыялдын" имаратын клиника кылып, базардын ордун сейил бак кылса болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Ош базарын жана бир катар башка объектилерди шаар сыртына көчүрүү тууралуу айтып чыккан. Анын пикиринде, бул шаарды тазалоого жана жашылдандырууга шарт түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости