www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Элмирбек Иманалиевге журналист жана коомдук активист Асранкул Жээнкулов күйүттүү ыр саптарын арнап жазганын NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Күйүт...

Жыл айланбай кайрадан
Жашым жүздү каптады
Ажал деген шумдугуң
Бул күндө жөн жатпады

Карантин деп олтурсак
Кыргыздын тоосу кулаптыр
Чыкпай үйдөн олтурсак
Чындык өзү ураптыр

Ак таңдай агам жазылып
Жазды толук көрбөдүң
Неге мынтип агатай
Өзөктү эх өрттөдүң

Өзгөрүш калды тунарып
Жылдыз учту асмандан
Издесек эми таппайбыз
Жалган дүйнө ааламдан

Акыны кетти Кыргыздын
Алпы кетти Кыргыздын
Сыймыгы кетти Кыргыздын
Чолпону кетти жылдыздын

Сахнадан чыкпайт ак калпак
Жылмайган агам күү камдап
Айтыштан чыкпайт алп акын
Казакты чертип бир тандап

Кайда кеттиң агатай
Небере жытын карабай
Кимге кеттиң асылым
Карантинге карабай

Күйүттүү катым жазамын
Кыргызыма саламым
Арман катым жазамын
Аттиң дүйнө карагын

42 жаш эми эле
Шаштың кайда кырааным
Буулугуп ыйлап турамын
Айтыш эле урааның

Суусарың кийип башыңа
Жашабайт белең тумарым
Жети дубан ыр айтсаң
Кандырат элим кумарын

Эжемдин бүтпөй жарасы
Токтогул суз карачы
Эрте шашып кеттиңиз
Ушундай беле шертиңиз

Бишкегим калды буулугуп
Асманда жүрөт сур булут
Ошуңуз калды ооналап
Жашын төгүп чуурутуп
Таласың калды тымпыйып
Томаяк болуп тылтыйып
Тоолоруң калды Нарында
Томсоруп асман жанында
Көл күтөт ага чайпалып
Кайтпайсыз агам калдайып
Чүйлүктөр калды чырактай
Жүрөгү ооруп чыдабай
Жалал Абад турат ырдабай
Мынтип калк турганда
Баткениң кантип ыйлабайт

Кыргызым ыйлайт арга жок
Кыздарың болду күйдүм чок
Манастай болгон алп акын
Ааламда болгон алп акын
Элмирбек агам эми жок.

Ошондой эле, Асранкул Жээнкулов Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар калды деп кайгысы менен тең бөлүштү: 

"Урматтуу калайык!

Калк анын ичинде "мен кыргызмын" деген каада-салтын туу тутуп, ак таңдай акыныбыз Элмирбек Иманалиев агабызды кайгыруу менен эңсеп, эстеп турган асыл инсандарым, кадырлуу карындаштарым Сезим Иманалиева жана Айзуура Иманалиева менен жолдошу Мирзат, кайгыңарды тең бөлүшөм. Агаңар Асранкул Жээнкулов", - деди ал билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости