www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир алып баруучулар, ырчылар Инстаграм, Фейсбукта өздөрүнүн кооз лентасын бузуп албайын деп, майып балдардын кыялдары, көйгөйлөрү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялоодон коркушат. Мындай пикирин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
"Өкүнүчтүү, кичинекей балдардын кыялдарынан гламур сүрөттөр алда канча кымбатыраак экени өкүнүчтүү!
Адам боорукерликти адамдан үйрөнөт. Алтындарым, кеч боло электе үйрөнүп алгыла!", - деп жазган Ассоль Молдокматова.
Белгилей кетсек, Ассоль Молдокматова жаңы жылдык боорукердик марафонун уюштурган. Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ой-тилектерин кагаз бетине түшүрүп, кат жазышууда.
Булак: NazarNews.kg