www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тергөө судьясы массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча кылмышка шектүү үч адамдын баш коргоо чарасын узартууну карады.
Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Ильгиз Шаменов (Сарлык уулу) менен активист Акыл Айтбаевдин камоо мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылды.
Сотто үй камагында жаткан Нурлан Асанбековдун иши да каралды. Анын баш коргоо чарасы да 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылды.
Асанбеков сотто Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айткан. Ал курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин билдирген.
Эске салсак, 23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка даярданууга шектелип, 20га жакын активист, блогер жана саясатчылар кармалган.
Булак: NazarNews.kg