www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президенти Садыр Жапаровго кайрылып, КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусу үчүн Түркияга жеткирүүгө атайын борт берүүнү суранды.

Анын айтымында, азыркы учурда артисттин абалы өтө оор.

"Бүгүн, 5-декабрда саат 13:00дө организмден ашыкча сууну чыгаруу үчүн операция болот. Андан кийин аны тез арада боорун алмаштыруу үчүн Түркия же Россиядагы ооруканаларга жеткириш керек", - деди ал.

Эске салсак, 2016-жылы артист дарыланууга каражат чогултуп жүргөн. Дарыгерлер ага гепатит С жана боордун циррозу деген диагноз коюшкан. Дарылангандан кийин актер чогулган каражаттын калган бөлүгүн актёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна которгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости