www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы коргонуу жаатында иш алып барган эң ири подрядчыларынын бири Northrop Grumman компаниясы акыркы үлгүдөгү B-21 Raider жашыруун стратегиялык бомбардирин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Салтанат Палмдейлдеги (Калифорния) заводдо АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин катышуусунда өттү. Өндүрүүчүнүн бомбалагычты дүйнөдөгү жалгыз алтынчы муундагы учак катары сыпаттап келишет.

"Бомбалоочу учактар флоту — өлкөнүн аба күчтөрүнүн негизи. АКШ армиясы аба күчтөрү өзгөрүп жаткан азыркыдай учурда дүйнөнүн каалаган жеринде коркунучтарды жок кылат", — деди техниканы жасап чыккан тараптын өкүлү Кэти Уорден.

B-21 Raider, Northrop Grumman компаниясынын айтымында, дүйнөнүн каалаган жерине жете алат. Өзөктүк жана өзөктүк эмес куралдарды ташыйт жана эң алдыңкы абадан коргонуу системаларынан артыкчылык кылат. Ошол эле учурда, келечекте мындай моделдин учкучсуз модификациялары да дүйнөгө сунушталат деп күтүлүүдө.

АКШ армиясы бул учактардын кеминде жүзгө жакынын алуу пландары жөнүндө айтып жатат. Пентагон 2023-жылдан 2027-жылга чейин B-21 программасы үчүн 19 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости