www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Эрулан иним, акыркы кезде сенин дарегиңе көп сын пикирлер айтылууда. “Депутат болгондон кийин унчукпай калды, азык-түлүк жаатындагы терс көрүнүштөрдү ачыктабай калды” дешип. Ушуга эмне дейт элең?

-- “Не сахар” долбоору мен үчүн мурунку иш эле. Ал эми азыр болсо саясатчы катары өзүм сүйлөй турган жерден сүйлөп, айтчу сөзүмдү айтып атам. Бу жерде кээ бир коллегаларыма окшоп түз жерден хайп кылган адамдардан эмесмин. Ойлонуп, сүйлөш керек болсо сүйлөйм.

-- Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган. Депутат болуп шайланганыңа бир жылдай болуп калды. Кандайдыр бир мыйзам долбоорун парламентке алып чыктыңбы?

-- Азырынча алып чыга элекмин. Баары али алдыда. Мен алып чыга турган мыйзам долбоорлору өтө орчундуу, көйгөйлүү маселелердин бири экенин билем. Чекесинен бышырып атам. Дагы төрт жыл мөөнөт бар. Кудай буюрса алып чыгам. Башы башталды. Учурда “муну алып чыкканы жатам” дей турган болсом, ал ишке ашпай калышы мүмкүн.

-- “Не сахар” долбоору сенин карамагыңдан чыгып кеткен жокпу?

-- Ал менин карамагымда эле иштеп атат, бул боюнча кооптонуунун, тынчсыздануунун кажети жок. Анткени, азык-түлүк коопсуздугу жаатта тажрыйбам жетиштүү жана бул ишти таштоого же башка бирөөгө берип коюу мүмкүн эмес. Ашып кетсе бир жылдын ары же бери жагында эл алдына чоң көйгөй катары жана анын чечүү жолдору менен алып чыгам деп турам.

-- Бийлигине, байлыгына таянган көпөстөр дейбизби, же өзүңдүн эле коллегаларыңдын бизнестери бар, бул жашыруун эмес. Мына ошо адамдар сага келип, “жөн эле койчу” деген маселелер жаралдыбы?

-- Албетте. Башында келишип, ич ара чечип алуу жагын көздөгөндөр болбой койгон жок. Бирок, андай аракеттерди өз убагында таккесе чаап, жогору жактагылар мени менен ич ара сүйлөшүү же “бармак басты көз кыстыга” барбасымды билишти жана түшүнүп калышты. Айтканыман кайра кайтпасымды билишет...

Булак: Азия News гезити

Последние новости