www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каспийдин жээгинде өлгөн тюлендердин саны 2,5 миңге жеткенин Дагестандын Жаратылыш ресурстар жана экология министрлигинин расмий Telegram каналы билдирди.

Экологиялык түзүмдөрдүн адистери Каспий деңизинин бардык жээгинде өлгөн тюлендердин санын эсептөөнү улантууда.

«Айрыкча, Юзбаш аймагында, ошондой эле Сулак жана Шуринка дарыяларынын куймаларында көп санда. Себептери өлгөн жаныбарлардын патологиялык материалдарын лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин аныкталат», - деп билдирди Дагестандын Жаратылыш ресурстар министрлиги.

Буга чейин Дагестанда 700гө жакын өлүк табылганын билдиришкен. Көп өтпөй бул көрсөткүч 1700гө жетти. Адистер жаныбарлардын өлүмүнүн себептерин аныктай башташты.

Каспий деңизи Түндүк-чыгыштан Казакстан, түштүк-чыгыштан Түркмөнстан, түштүктөн Иран, түштүк-батыштан Азербайжан, түндүк-батыштан Россия менен чектешет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости