www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия нефтине коюлган баа чегин Москва кабылдабайт, тез арада жасалган анализден кийин ишти мындан ары кандай уюштуруу боюнча чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Орусиянын лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Кечээ Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү Орусиянын мунай затына болгон баага чек коюшкан, тагыраагы, ал баррелине 60 доллардан ашпаш керек деген. Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, Евробиримдик муну кат жүзүндө тариздеп, андан соң 4-декабрда ал туурасында формалдуу түрдө жарыялаган.

"Биз муну кабыл албайбыз. Иш кандай болуп уюштурулат, кантип жүргүзүлөт?.. Тез арада жасалган анализден кийин, албетте, билдиребиз", — деген Песков. Анын айтымына караганда, чектөөнү киргизүү боюнча "атайын бир даярдыктар жасалган".

Эске салсак, буга чейин Владимир Путин эгерде Орусиянын кызыкчылыгына каршы келсе, Москва чет өлкөгө эч нерсе сатпай тургандыгын айткан. "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Евробиримдик тарабынан бааны бир жактуу чектеп салуу келишимдин шартын бузаарын жана аталган продукцияны сатуу токтой турганын эскерткен.

Вице-премьер Александр Новак да баага чек койгон өлкөлөргө Москва "баррелин 60 долларга да, башка баага да" экспорттобой турганын билдирди. Орусия "рынок шартында кызматташууга даяр" тараптар менен иштешүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости