www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Полиция 18-июнда Астанадагы Kaspi Bankтын филиалынын жети кызматкерин барымтага алган Алихан Мурадовго карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Барымтага алуу») боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Кармалган адам 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, деп билдирди республиканын Ички иштер министрлиги.
Белгилей кетсек, 18-июнда саат 13:51де белгисиз адам банктын филиалына кирип, тапанчага окшош буюм менен коркутуп, жети адамды барымтага алган.
Окуя болгон жерге милиция, шаардык бийлик, прокуратуранын кызматкерлери келишкен. Сүйлөшүүлөрдү республиканын ички иштер министри Марат Ахметжанов алып барган. Анын айтымында, ал киши ар кандай талаптарды коюп, тактап айтканда, жакындарына жардам берүү тууралуу айткан. Ошол эле учурда өлтүрөм деп коркутуп кызды кучактап алган.
Саат 16:35те Ахметжанов чабуулду (штурм) баштоого буйрук берген.
Атайын күчтөр операцияны көздөн жаш агызуучу газ менен жүргүзүшкөн. 30 жаштагы жаран кармалып, банк кызматкерлери бошотулган.
Булак: NazarNews.kg