www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынан Бишкек шаарынын Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөрүүгө бюджеттен канча каражат кеткенин маалымдашты.
Ошентип, аталган бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 млн 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды.
Пайдаланылбай калган каражат 3 млн 222,6 миң сомду түздү.
Ошондой эле шайлоочулардын акыркы тизмесине кирген та
Белгилей кетсек, шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген бир шайлоочуга кеткен чыгым 123 сом 40 тыйынды (15 413 863 сом/124 908 шайлоочу) түздү.
Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өттү. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан.
Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козголгон.
Булак: NazarNews.kg