www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Орусияны айланып өтүп, Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу мунай ташууну жылына 1,5 миллион тоннадан 2,2 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү макулдашты. Келечекте анын көлөмү 3 миллион тоннага чейин жогорулашы керек.

Макулдашууга 11-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Азербайжанга болгон сапары учурунда кол коюлду.

"Бул макулдашуунун алкагында тараптар Актау-Баку-Тбилиси-Жейхан маршруту боюнча мунай ташуу тарифтерин төмөндөтүү, ошондой эле Баку-Супса багыты боюнча казак мунайзаттарын ташуу маселелерин талкуулоону улантат", - деп айтылат "КазМунайГаз" компаниясынын билдирүүсүндө.

2022-жылы Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу агрессиясы башталгандан кийин Азербайжан Европага мунай экспортун көбөйтүүгө макул болгон. Ошол эле жылдын декабрь айында Казакстан Транскаспий эл аралык транспорт жолу менен, анын ичинде Азербайжан аркылуу Батыш өлкөлөрүнө уран экспорттой баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости