www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тазалыгын ушул күнгө чейин сактап жүргөн Астана тургундарынын бири швейцариялык компанияга уруктугун сатуу аркылуу жакшы киреше таап жатканын айтып мактанды. Бул тууралуу NUR.KZ порталы Экспресс К басылмасына шилтеме жасап кабарлайт.

Жашартуучу косметика сунуштаган европалык өндүрүүчүлөр уруктук жыйноо үчүн казак элинин жигиттерине кайрылышкан. Ербол аттуу жаран бул бизнеске швейцариялык кыз менен сүйлөшкөндөн кийин бел байлаганын айтат.

Белгилүү болгондой, чет элдик кыз Казакстанда уруктук донору боло турган таза жарандарды издештирип жүргөн. Ага таза жигиттердин гана уруктугу зарыл болчу.

“Швейцариядагы Кристиандын фирмасы жашартуучу косметиканы өндүрүү менен алектенет. Анын курамында сепрмина бар. Кызга уруктук көп көлөмдө керек болгон. Болгондо да таза жигиттердингана уруктугу керек эле. Анын сапаты жогорураак имиш. Мен биринчи курстагы досторум менен жатаканада сүйлөшүп көрдүм. Мына ушундан кийин баары башталды”,- деп агынан жарылды Ербол.

Студент күн сайын дээрлик Европага кымбат жүк: 300 миллилитр уруктук жиберип турат. Кургап калбашы үчүн урукту бал менен аралаштырып, ага муз кошот. Кыздын колуна кичинекей термос тиери менен Ерболго үч миң евро салып жиберет. Акчанын көбүн жигит өз чөнтөгүнө салат.

“Жумуш оор эмес. Болгону таза жигиттерди табуу кыйынчылык алып келет. Тапкан жигиттерди тазалыгынан айрылып калбаш үчүн аңдыганга да туура келет. Алардын таза экенине көзүм жетсин үчүн энеси менен ант беришин сурайм. Бир бурчка жагымдуу кыздын сүрөтүн илип алгам, мына ошол бурч менен иштөөчө жайым болуп саналат”, - дейт Ербол.

Ербол уруктукка деген суроо-талаптын жогору болгонуна аң-таң. Окумуштуулар уруктук картаюну 20%га жайлата турганын аныкташкан дейт ал. 

Булак: "Күндеми"

Последние новости