www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агат – калкан бездин иштешин жакшыртат. Дем алуу, тамак сиңирүү органдарындагы вирустарды өлтүрүп жок кылат жана жүрөк, кан-тамыр, муун системаларын калыпка келтирет. Жөтөлгө да пайдасы зор. Радиациядан эң мыкты коргойт.

Алмаз – зат алмашууну, мээдеги кан айланууну калыпка салат. Дене табын түшүрүү касиетине ээ, ошондой эле алсыздануудан, чарчап-чаалыгуудан арылтат.

Бирюза – эң күчтүү табигый таш болуп эсептелет. Анткени ал өзүнүн “кожоюнунун” абалын абдан жакшы сезет. Эгер тагынган бирюза күңүрттөнүп, өңү өчүп баратса, демек, кайсы бир оорунун пайда болушунан кабар берип жатканын билсеңиз болот. Кичинекей бирюзалар көздүн көрүүсүн жакшыртат, уйкусуздуктан арылтат, баш ооруну басат.

Гранат – энелердин ташы. Ал кош бойлуу айымдарга жакшы маанайын көтөрүп, төрөтүн жеңил кылат. Аны тери ооруларына да каршы колдонушат.

Доломит – сөөк оорулары менен жабыркагандар үчүн эң пайдалуу таш. Остоепороз, жаракат алуу, сөөктөрдүн сынып бүтүшү менен жабыркагандар тагынып жүрсө пайдасы чоң. Анткени анын курамында кальцийдин булагы бар. Ал сөөктөрдүн бекем болушуна жардам берет. Мындан сырткары, жүрөк, кан-тамыр ооруларынын алдын алат, бөйрөккө таштын топтолушуна жол бербейт.

Зымырыт – көз үчүн эң пайдалуу таш болуп эсептелет. Жашыл изумруд нерв торчолорун тынчтандырат, кабылдап кетүүчү инфекциялык оорулардын пайда болушуна жол бербейт. Заара бөлүп чыгаруу органдары үчүн пайдалуу.

Мышыктын көзү – астма, аз кандуулук, ревматизм, ларингит, бронхит ооруларынын айыгышына жардам берет.

Малахит – энергетикалык жолду ачат. Моюнга тагынуу жакшы натыйжа берет. Гормоналдык системаларга жакшы таасирин тийгизет.

Рубин – оорулардан коргойт. Кан ооруларына, өнөкөт ооруларга, омуртка, муун ооруларына жакшы таасир берет. Талма оорусунун алдын алат. Депрессия менен күрөшүүгө жардам берет.

Сапфир – адамга келген терс энергияны дароо артка кайтарат. Кан басымды ылдыйлатат, уйкусуздуктан арылтат, сасык тумоону жеңил өткөрүүгө жардам берет. Оң колго тагынса астма жана жүрөк ооруларынын алдын алат.

Топаз – ууланууга каршы эң мыкты таасир берет. Организмдеги клеткаларды калыбына келтирет. Тамак сиңирүү органдарына, боорго, өткө жакшы таасир берет.

Янтарь – аба ырайынын өзгөрүшү өзгөчө таасир берген адамдар үчүн пайдалуу таш болуп эсептелет. Магнитүү бороон учурунда ооруган башты айыктырат же оорутпайт. Калкан безге жана жүрөккө жакшы таасирин тийгизет. Организмдеги шишиктин өсүшүн токтотот. Бул маалымат тууралуу “Шамбала” гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости