www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ысык-Көл” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды кармашты. Мыйзамсыз балык уулоо өзгөчө корголуучу “Ысык-Көл” жаратылыш коругунун аймагында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылынын тургуну С. А. болуп чыкты. Кармаганда анын жанынан 8 даана сиг-лудога балыгы чыккан.
Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Ысык-Көл” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Кыргызстандын жаратылыш мыйзамдарын бузган жарандан доо өндүрүү боюнча протокол түзүшүп Түп райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришти. Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө. Баардык тийиштүү материалдар топтолгондон кийин айып өндүрүү үчүн иш сот органдарына өткөрүлүп берилмекчи.
Мыйзамсыз балык уулаган жарандан алынган балыктарды “Ысык-Көл” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Түп районундагы “Мээрим Булагы” балдар үйүнө өткөрүп беришти.
Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы токтомуна жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстердин нормаларына ылайык ар бир баш балык үчүн 2 миң 20 сомдон эки эсе өлчөмүндө айыпкерге доо салынып мамлекеттин эсебине чегерилет. Мыйзамсыз кармаган балыктар үчүн доонун жалпы суммасы 16 миң 160 сомду түзөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылдын 1-январынан тартып “Мыйзам бузуулар боюнча”, “Жоруктар боюнча” КРнын жаңы кодекстери күчүнө кирген. Ага ылайык, жаратылыш мыйзамдарын бузгандарга, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн жок кылуу, мыйзамсыз аңчылык кылгандарга, мыйзамсыз токой, бактарды кыйгандарга, экология зыян келтиргендерге каршы административдик жазалар күчөтүлүп, айып пулдардын көлөмү көбөйтүлгөн.
Ошондой эле 2017-жылдан тартып Өкмөттүн 2017-жылдын 18- августундагы №501 токтомуна ылайык Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыян үчүн юридикалык жана жеке жактарга төмөндөгүдөй айып пулдар белгиленген:
Марал, аркар жана аюуну мыйзамсыз пайдалануу - 1 000 000 сом;
Илбирсти мыйзамсыз пайдалануу – 1 500 000 сом;
Эчки, текелерди мыйзамсыз пайдалануу – 100 000 сом;
Элик, сүлөөсүн же мадылды мыйзамсыз пайдалануу – 50 000 сом.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесине ылайык, ири зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылуу, эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмдөгү айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Булак: NazarNews.kg