www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ар бир иштин биринчиси эстен кетпейт го, сахнага алгачкы кадам таштаганыӊыз тууралуу уксак…

- Ырга, обонго жакын болуп калганымдын себеби да музыкалык мектепте нота эмне экенин билип сабатымдын жоюлганынан болсо керек. Апам дагы өзгөчө ыр дүйнөсүнө жакын болгондуктанбы, мүмкүн генде бардыр. Мектепти бүткөн соӊ, Ташкенттеги театралдык окуу жайды аяктагам.

Алгачкы сахнага чыккан күнүм эч эстен кетпейт. 1979-жылы азыркы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кабыл алынгам.  Брехттин «Мамаша Кураш жана анын балдары» спектаклин режиссёр Бообек Ибраев сахналаштырып жаткан экен.

Мас солдаттын ролун берген эле. Кичинекей эпизод болсо дагы, ушунчалык тердеп-кургап аткара албай кыйналганым эсимде. Ошол спектаклде көрүүчүлөргө жомоктогудай эсинде калган залкарларыбыз: Д. Күйүкова,Б. Сейдакматов, А. Чокубаев, Г. Ажибековалар мага үйрөткөндөрү баары көз алдымда. Себеби баласындай көрүп, келечек актёрдук кадамыма жол көрсөткөндөрүнө өмүр бою ыраазымын.

Ошол убакта жетекчилерибиз бизди силер профессионалсыӊар ыр багытына көп басым жасабагыла деп эскертчү. Талант ташты дагы жарып чыгат окшобойбу, менин ички туйгумду обон менен сыртка чыгарчумун. Акырын обондор жазылып, күчөй баштады. Киийнчерээк радио-телелерге ырдап чыкканымды көргөн жетекчилерден  мактоолорду уга баштадым.

- «Кайгылуу ырдын Рыцары» наамды ким ыйгарган?

- Атайын спектаклге арналган обндорду жазчумун. Обондорум драмалык музыкага жакын болгондуктанбы, уккан адамды ойго салган кайгы-муӊдуу эле. Менин курсташым, кесиптешим КРнын эл артисти Замир Сооронбаев «Сен ушул кайгы-муӊдун Рыцары болдуӊ» деп айткандан бери, ушул ат мени ээрчип жүрөт.

- Отко күйбөгөн алтын, алтынга алданбаган аял, аялга азгырылбаган эркек мыкты дешет. Сиздин оюӊузду билсек…

-  Аялга азгырылбаган мыкты эркек жок. Андай эркектин болушу мүмкүн эмес.  Себеби, бизди Жаратканым ушундай жараткан.

- «Бир адамдын чыныгы мүнөзү масс болгондо билинет» деп трагикомедиянын атасы Чарли Чаплиндин айтканы бар экен. Ичимдикке кандай карайсыз?

- Жашоомдо ичкен учурлар көп эле кездешти. Ошондо  ичимдиктин натыйжасында обу жок жосундар, туура эмес сүйлөнгөн сөздөр  болгон. Муну мен мойнума алып, азыр  өтө өкүнөмүн. Артка кылчайып караганда аттиӊ ай деп саныӊды чабасыӊ.

Ал эми азыр жакын санаалаштар менен отурганда ичимдиктен ууртап коём. Жайында сыраны өчүм бардай ичем. Такыр ичпейм десем алдагандык болуп калат. Ал эми А. П. Чеховдун: «Такыр ичпеген, такыр чекпеген ушул иттин баласыбы» деген сөзү бар да.

- «Жандоочу кийик аттырат» дейт кыргызда. Сизди колдоп келген жубайыӊыз тууралуу айта кетсеӊиз…

- Эгерде жубайыӊ сенин ыр дүйнө менен жашаганыӊды туура көз-караш менен кабыл алып, жашоонун тоскоолдуктарына чыдамкайлык менен мамиле кылса анда чыгармачыл жоолдо бийиктикке жете аласыӊ. 

Ооба, менин жубайым  чыгармачылыгымды бүгүнкү күнгө чейин колдоп келет. Эгерде менин мүнөзүмө, гастролдоп кеткен күндөрүмө, дагы башка аша-чаап кеткен жоруктарыма чыдабай койгондо мен бүгүнкү күндө Асылбек Өзүбеков болот белем аны азыр айтуу кыйын. Ошол чыдап көтөргөн үчүн Ш. Дүйшеев айткандай мен чачылып кетсем кайра жыйнап, кайра эл алдына чыгарып турган келинчегимдин эмгеги деп сыймыктануу менен айтамын.

- Өтмүшкө карай «аттиӊ» деп жашаганча келечекке карап «балким» деп жашашты туура көрөсүзбү?

- Мен буга бир чети кошулсам, бир чети кошула албай турам.  Себеби,  өткөн ишке өкүнүш керек. Бирок, ал катачылыктар кайталанбаш үчүн алдыга максат коюп жашаш керек. Өткөнгө өтө кейигенде эмне, жашоодо туура эмес кылган күндөрүӊдү эстейсиӊ.

Ал күндөр өттү кетти. Анын баарын турмуш жолу өз нугуна салып коёт. Өзүӊүз суроо узаткандай, келечек күнгө балким ушундай кылсам жакшы болор деген ойдо алдыга койгон максаттар менен  күн кечиргенге не жетсин.

- Аткаруучунун улуулугу обончунун жүзү тура. Обон жаратуу оӊой-олтоӊ иш эместир…

- Обон жаратуу оӊой эмес. Мага адегенде ойлор келет, андан соӊ акындардын сөзүн издейм. Кээде тескерсинче болуп калат.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости