www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу

Кыргызстанда сүт азыктарынын дефицити жок. Бирок сезонго байланыштуу сүттүн баасы жогорулаганы байкалып жатат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ага дүкөндөрдөгү сүт дефицити эмне менен байланыштуу экени боюнча суроо узатылды.

"Өндүрүлгөн сүттүн көлөмүнүн төмөндөшү сезондук гана көрүнүш. Бирок бул нерсе дүкөндөрдүн текчелериндеги сүт азыктарынын азайышына алып келбейт. Көлөмдүн сезонго жараша өйдө-ылдый болушу баага таасир этиши мүмкүн. Соцтармакта айтылып жаткандай, кайсы бир соода маркасындагы сүт азыктары азайып кетти дегенге мен кошулбайт элем", — деди Жаныбеков.

Министр жем-чөптүн кымбатташы дагы сүт азыктарынын баасын жогорулатты деген маалыматка комментарий берди. Анын айтымында, тоют түшүмү 15-20 пайызга төмөндөдү. Бирок бааны жөнгө салуу үчүн тоют боюнча кошумча нарк салыгы жоюлган. Натыйжада арпа 25 пайызга арзандаган.

"Тоют боюнча айта турган болсок, чөп менен саманды эске албаганда калгандары жетиштүү. Тоют боюнча ажиотаж жаралбашы керек. Мал дагы массалык түрдө союлуп кеткен жок. Базардагы абал мурдагыдай эле", — деди министр.

Анын айтымында, базарда сатылган малдын саны өстү, бирок бул дагы сезондук гана көрүнүш.

"Анткен менен айтып коюш керек, өткөн жылга салыштырмалуу май айынан бери сүткө болгон баа өсүүдө. Себеби дүйнө жүзү боюнча сүт азыктары кымбаттап жатат. Негизи эле бардык продукциялардын баасы өсүп, ички рынокко таасирин тийгизүүдө. Биздин сүт азыктарын кайра иштетүүчү фирмалар ориентирди кургак сүткө алышат. Эгер кургак сүт кымбаттаса, демек, сырьенун баасы дагы өсөт. Быйыл ушундай тенденция байкалып жатат", — деди Жаныбеков.

Ал ошондой эле фермерлерге сүт азыктарынын бир аз кымбаттаганы пайдалуу экенин кошумчалады. Себеби Кыргызстанда уйлар аз эле сүт берет (өткөн жылы орточо саан 2 030 литрди түзгөн). Министр кээ бир сүт заводдору жабылып жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости