www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бул суроо сизге тааныш болсо да, баарлашууну бала чактан баштасак жөндүү деп турам. Кантсе да бала чак өмүрдүн башаты эмеспи...

- Менин бала чагым Чүй облусуна караштуу Ысык- Ата районундагы Өтөгөн деген айылда өткөн. Белгилүү сатирик акын Жапаркул Алыбаев атындагы мектепте окугам. Бир жолу орус тилинен 9-класста экзамен берип жатып билетиме жооп бере албай калсам агай «жарнама айтып берсең беш коем» деди эле мен сникерс жөнүндө жарнаманы айтып берип беш алгам. Айта берсем сөз түгөнбөйт, ушунун баары менин актер болушума башат болду го деп ойлойм.

- Актёрдук кесип сиз үчүн...?

- Актёрдук кесип мен үчүн азыркы учурда жашоомдун дагы бир чоң бөлүгү болуп калды. Себеби үйдөн дагы көп убактымды театрда өткөрөм. Күндө иш учурунда жаңы нерселер, жаңы идеялар ойго келет, мындан келди актёрдук кесип өмүр өткүчөктү изденүүнү талап кылат. Залкарыбыз, КРнын эл артисти, режиссёр Искендер Рыскулов агайым айтып калчу: «...актёр эмес, негизи бул жашоодо адам болгула» - деп.

КРнын эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр раматылык Марат Козукеевдин дагы актёр болуп калыптанышыма салымы зор. Ушул кесип мени жашоого, сүйүүгө, боорукерликке - негизи эле адамдык жакшы сапаттарга үйрөтүп келе жатат. Биз элди образ аркылуу жакшы жакка үгүттөөчүлөрдөнбүз, мындайча айтканда сахнанын даваатчыларыбыз.

- Кыял-турмушка ашар иштин жарымы, же кыялданган ролуңуз...

- Негизи чыгармачыл адам өтө кыялкеч болот экен. Бирок өзүң эңсеген роль сага дайыма эле туш келе бербейт. Кыялданган ролуна жетпей көзү өтүп кеткен актёр, актрисалар канча. Бул кесипте баарына даяр болушуң керек. Кээ бирде сенин кулк-мүнөзүңө жат образдарды ойноого мажбурсуң.

Сен жактырбаган роль болсо да ошого берилип, бүт дитиң менен берилип ошону балаң сыяктуу бапестеп чыгарып беришиң керек. Ошондо гана чыныгы профессионал актёр экениң кашкайып көрүнүп калат. Классикадан Ричард, Омор Хаям, Король Лир, ж.б.негизи кандай роль берилсе деле ойной берем.

- Стиль - бул дүйнө боюнча чындыктын үрөнү тарап кетчү желе. Чыныгы таланттын өз почерки, өз стили болот эмеспи...

- Спектаклдин жанрлары: трагедия, комедия, драма, трагифарс, притча жана башкалар. Ар биринин өзүнүн стили, мындайча айтканда, ойноо стили болот эмеспи, аны режиссёр коёт кайсы жанрда, кайсы доордо, биз ошого жараша ойношубуз керек. Мен өзүм психологиялык образдарды жакшы көрөм.

- Санаа кыйнаган маалда кутулуунун жолу барбы же..?

- Жан дүйнөң кыйналып түйшөлүп турганда аягы жоктой, кутулбас нерседей таасир калтырат убагында. Кыйналганың убактылуу нерсе, андан чыгуунун жолу бар, болгону ошол учурду гана чыдап күтүп коюш керек жана сабырдуу болуш керек деп ойлойм.

- Максат токтогон жерде жашоо да токтойт. Келечекте кандай максаттарыңыз бар?

- Келечектеги максаттарым этаптуу образдарды жаратуу жана спектакль койсомбу деген чоң үмүтүм бар.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости