www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгарияда кырсыкка учурап, 46 адам каза болгон автобус Стамбулдан бир күн мурун чыгып кеткенин НТВ каналы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, автобус дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча саат 21.00дө Болгария менен чек арадан өткөн.

NOVA телеканалынын маалыматы боюнча, кырсык Москва убактысы боюнча саат 3.00 чамасында Болгариянын батышындагы Перник районундагы Боснек айылына жакын жерде болгон, каза болгондордун баары Түндүк Македониянын жарандары.

Болгариянын Ички иштер министрлиги автобус трассада өрттөнүп, 46 адам каза болгонун билдирди. ММКлар дагы бир нече аман калгандар тууралуу жазып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости