www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жолдорун оңдоодо 360 млн сом уурдалган

Бишкектин жолдорун оңдоого кеткен каражаттан 360 миллион сом уурдалган. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирби.

Жунушалиев Бишкектин жолдорун оңдоого жооптуу муниципалдык ишкананын 934 миллион сом дебитордук карызы бар экенин тастыктады.

«934 миллион сомдун баары дебитордук карыз, бирок анын 360 миллион сому уурдалган. Мен азыр жаңы имараттарды кыдырып, жолдордун курулушун текшерем. Аткарылып жаткан иштер, токтоп калган иштер бар. Акча уурдалганы боюнча текшерүүлөр боло баштайт», — деп билдирет шаардын мэри.

Мэрдин айтымында, чогултулган материалдар тергөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости