www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйынга келди

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеш 10-январда мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйынга экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков дагы катышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Асылбек Жээнбеков өлкөдө бийлик алмашкандан бери парламент жыйындарына катышкан эмес. Бүгүн ал алгач эл алдына чыгып, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу үчүн добуш берди. Добуш бергенден көп өтпөй Асылбек Жээнбеков залдан чыгып кетти.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун сунуштаган. Мыйзам долбоору тиешелүү комитетте жана коомдук талкуудан өткөн жок. Юристтер жана укук коргоочулар мыйзам долбоорунун тез кабыл алынып жаткандыгына таң калууда.

Бүгүн Баш мыйзам долбоору боюнча тынчтык митинги өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости