www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын таштанды полигону менен таштанды сорттой турган завод 2020-жылдын акырында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Асылбек Жээнбеков таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин тармактык комитет 2016-жылдан бери көзөмөлдөп келатканын эске салып, мэриянын өзүндө таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууга жолтоо болуп келаткан күчтөр бар экенин белгиледи. «Полигондо ири акчалар айланат. Ошондон улам кызыкдар адамдар ушул кезге чейин курдурбай келди. Мэриянын өкүлү заводду куруунун так мөөнөттөрүн айтты, биз анын аткарылышын көзөмөлгө алабыз», - деди ал.

Андан тышкары, депутат шаар ичинде сейил бактарды куруп, ал жерлерди азыртан бекитип берүү зарылдыгына токтолду. «Бара-бара сейил бактар үчүн жерлер калбай калат. Мурда берилип кеткен жерлерди азыр мэрия кайра алалбай жатат», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости