www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков, “Силердин стратегиялык тактика туура эмес болуп жатат. Мен эмес, мен кылган жокмун дегениңер эркекчиликке жатпайт. Жогорку Кеңеш тарабынан ошол маалдагы президенттин Өкмөттүн саясатын колдоп, биз бир нече чечимдерди кабыл алып ратификация кылып бергенбиз. Ошонун негизинде бир нече мектептер, жолдор курулду. ГЭСтер реконструкцияга кетти. Анын негизинде ТЭЦ модернизация болду. Бул башка сөз. Мамлекет кыйла алдыга жылды. Бирок, бир гана Кудайдын буйругу менен “эй кыргыздар көзүңөрдү ачкыла, силердин акчаңарды жеп кетип жатат, карап койгула”, деп сууктун кесепетинен чоң кемчилдиктер ачылды. Силер жаман көрүп атасыңар, депутаттык комиссия түзүлдү деп, башка айла жок. Элмирбек Иманалиев ырдап атат, “төрөлөр төрдү булгады” деп. Эмне үчүн биз мамлекеттик саясатты, мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, силерден келген каттарыңарга ишенип, келишимди колдоп берсек мына ушундай чыгып атат. Жантөрө Жолдошович, Сиздин кол койгон токтомуңуз келип жатат. Биз силердин суранычыңарды аткарып атабыз. Ачык айтыш керек. Мен дагы таң калып атам, кандай чоң уруучулук болду”, - деп айтты депутат Асылбек Жээнбеков.
Ага кошумча депутат Асылбек Жээнбеков, Жантөрө Сатыбалдиевдин “Асылбек Шарипович, мен мыйзам чегинде сунушумду жөнөттүм”, деген сөзүнө жооп катары, Асылбек Жээнбеков, “эл карап турат, бири-бирибизди чукусак мындан жаман болот, калганы тергөө органдары өздөрү билет”, деди.
Ошентип, ачуу чындыкты уккан ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатын уурдап жеп кеткендерге "жазаңарды аласыңар" дегендей кылып, кагазга ороп сүйлөп төрдөгүлөрдүн "пачагын" чыгарды.
Булак: NazarNews.kg