www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Күздүн келиши менен ар кандай саясый күчтөрдүн оюндары байкалууда. Туруктуулукту камсыздай алабызбы? Парламенттик шайлоонун шылтоосунда чыр-чатактар чыкпайбы? Кандай сунушуңуз бар?

- Азыркы бийликке такыр эле ичим чыкпай жатат. Себеп дегенде, элди бириктирүүгө, кызматташууга чакырбастан, бөлүп-жарууга «биздикилер жана каршылар» деген сыяктуу саясат байкалат.

Ооба, азыркы шартта ар кандай саясый күчтөр жанданышы мүмкүн. Бирок, эң негизгиси, бийликтин аракетине жараша болот.

Эгер бийлик мыйзамды туу тутпай, коркутуулар, жакындарын бийликке тартып баруу аракеттерин токтотпосо, анда элдин кыжырдануулары күчөп, кайра эле баягы таз кейпибизди кийебиз.

Албетте, «парламенттик шайлоо чыр-чатаксыз, тыптынч өтөт» деген бизге жарашпайт. Анын бирден-бир себеби, кээ бир эл өкүлү болууга умтулган талапкерлер мекенди, өлкөбүздүн өнүгүшүн ойлоонун ордуна жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшуп, мыйзамды тебелептепсөө, добуштарды сатып алуу, соцтармактар аркылуу фейк аккаунттардан каралоо иштери менен алектенишүүдө.

Башынан эле бийликтин партиясынан, админресурстарды колдонуудан чырчатактар чыгып келет. Биз ушундайды токтотуубуз керек. Өткөндөн сабак албайлыбы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости