www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦ боюнча иши чатактар, оңго айланды. Мурунку премьер Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу камактан сактанып жүрөт, Сапар Исаков интерполду тоготпой Кремлден Европаны көздөй кетти, 14 жылга кесилген Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым кылынды. «ТЭЦти» модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду абактан чыгарууну Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдон өтүнгөн. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.Ага чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов өздөрү да президенттен ырайым сурашкан. Ырайым берилерден мурда президенттик администрация кылмыш ишин терең иликтеп чыкты. Натыйжада булар кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар эмес экени аныкталды. Жогорку Кеңеш депутаттарынын өтүнүчүн, аларга берилген мүнөздөмөлөрдү, Мунапыс комиссиясынын сунушун карап, президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүнү чечти.

Маалыматта президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүдө өзүнүн мамлекет башчысы катары конституциялык укугунан пайдаланганы белгиленген.Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 17-сентябрда абактан чыгарылган.

Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл, үч айга абакка кесилген.2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган.

«Жаш келсе парага, кары келсе чарагабы?» Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ» менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин орун басары болуп барат. ТВЕА менен болгон келишимди түзүүдө башкы ролду Айбек Калиев да ойногон. Ал 2015-жылы экономика министринин орун басары болуп «ТЭЦтеги» курулушту көзөмөлгө алганын токтоткон эмес, 2016-жылы бүт электр тармагын колго алган «Энергохолдинг» түзүлүп анын башына Айбек Калиев келет. Табышмактуу эмнеге ал келди же ошончолук иштемчил беле? Айбек Калиев жакын туугандарын бүт электр тармагындагы эң кымбат майлуу-сүттүү орундарга отургузган. «Томояк» Айбек Калиев чоң кызматка келер менен миллионерге айланат, жубайы млн долларлык «Тойота Авенсис» автомобилин алса, өзү 2 млн долларлык «Тойота Прадо», 4,1 миллионго турак-жай, көз жоосун алган мебелдерди жана техниканы алган. Ошондой эле мүлктөрдү сатууда 4,5 млн пайда көргөн. Кечээ эле эч нерсеси жок Айбек Калиевге мынча акча кайдан келет?

ТЭЦти модернизациялоо кечээ гана чыга калган жок, ал Бакиевдин бийлиги учурунда көтөрүлгөн. 2010-жылы февралда Максим Бакиев ЦАРИИ менен дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган бул маселени караган.

2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Дал ошонун министрлик убагында 2013-жылы февралда Кытай менен келишим түзүлгөн. Бул жерде тендер жарыялабай туруп, антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле. Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар, «ТЭЦти» модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес, мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң катачылыгы «ТЭЦти» модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз атка минерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган.

2013-жылы 1-февралда түзүлгөн ТВЕА ишканасы менен контрактык Келишимдин шарты боюнча № 1-8 казан агрегаттарды жана № 1-4 агрегат куурду монтаждоо, өтө жогорку көтөрүмдөгү 2 көмүр казан агрегаттарын, буунун өндүрүштүк сыйымдуулугу 550 т/ саатка жеткен, 150 Мвтга жеткен жылуулаштырылган 2 агрегат куурду орнотуу каралган. 2013-жылы апрелде келип ЖЭБди бузган учурда Осмонбек Артыкбаев министр болуп турган, 2014-жылы октябрда ал министрден кеткен, ордуна мурун соттолгон Кубанычбек Турдубаев келген, ошондон кийин гана электрдин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. ТЭЦке Кытайдан жабдуу алып келүү иштери 2015-жылы январдан башталган.

Сатыбалдиев күнөөнү «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилигине түрткөн. Депутаттык комиссиянын жыйынында кытайлыктар төрт ишкананы тандоого берген, Үрүмчүгө жумушчу сапары менен барышкан «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилери ТВЕА ишканасын тандаган деп ошол кездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев күнөөнү башкаларга түртө салып жатат. Өкмөт башчысы «эшек такалап» отуруптурбу? 2013-жылы акча дегенде жантыгынан жата калган Жантөрө Сатыбалдиев бул келишимди колдогон. Бирок модернизациялоо учурунда өкмөт башчылары Жоомарт Оторбаев, Темир Сариевдердин көзөмөлдүгү алдында бул иш ишке ашкан. Түз болбосо да анда булардын деле ошол кезде «ТЭЦти» катуу көзөмөлдүккө албаганы туура ишпи? Премьер Темир Сариев «ТЭЦтин» акчасына тойбой, Кытайдын дагы бир эч нерсеси жок ишканасына тендерди уттуруп, Балыкчы-Корумду жолун мыйзамсыз салып бергени үчүн өкмөт башчылыгынан кеткен.

386 млн доллардын канын соруп байыган, ТВЕА менен Келишим түзүүдө Өкмөт башчысы катары негизги ролду ойногон Жантөрө Сатыбалдиев 121 млрд 145 млн. сомго арест салынган машиналары гана, үйүнүн эсебин айтсак дагы жүз миллиарддап кетет. Эл так маалымат алыш үчүн тизмесин, кимге катталганын жазып койолу:Сатыбалдиевдин машинасы гана: 38, 647 миллион рублдик ( 42, 511 сомдук) жана 9,823 млн евролук (же 78,634 сомдук) = 121,145 млн. сом.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин наамына катталган мүлктөр:Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128, код ЕНИ 1040100050384; 2 022 000 рублдик 2008-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы В3966ВА; 13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц 500» унаасы B6316AI; 13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц Б500» унаасы Е4948.

Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):Ош шаарында жайгашкан дүкөн. «Анар» кичирайону, 15а/51, код ЕНИ 511040325012601051;2 022 000 рублдик 2015-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы 01KG881ACD.

Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81, код ЕНИ 7082010011350; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80, код ЕНИ 7082010011349; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115, код ЕНИ 7082010011384; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117, код ЕНИ 7082010011386; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101, код ЕНИ 7082010011370; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99, код ЕНИ 7082010011368; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63, код ЕНИ 708201001 1332; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62, код ЕНИ 7082010011331; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82, код ЕНИ 7082010011351; Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичирайонундагы турак үй 28, код ЕНИ 5110403211682; 1 850 000 евро же көбөйтүү 79, 9: МАЗ 6303-020 унаасы 3546М; 1 220 000 евро же көбөйтүү 79,9: МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр (баласы):Баасы 950 000 евро же көбөйтүү 79: «Лексус-ЕС- 350» унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ; 13 250 000 рублдик «Мерседес Бенц ОЕК280», 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF; 1 000 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Хонда Одиссей», 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR;

Канышай Турдукеевна Смадияровага катталган мүлктөр (жубайы):Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006; Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004; 1 500 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Лексус RX330» унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800Е; 2 700 000 евро же көбөйтүү 79,9 «БМВ 325» унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R; 2 853 000 рублдик «Тойота Прада» унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.


121 млрд 145 млн. сомдук машинасы бар Сатыбалдиев соргоктугу менен элди уят кылып келатат. Бул дүнүйөлөрдү Сатыбалдиев тиги дүйнөгө ала кетмек беле, өлсө ал деле нанга жетпей жүрүшкөн адамдарга окшоп, жылаңач бир кепин менен кетет. Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынарда Кыргыз Курортологиясына эс алганы жатат, кызыгы эч нерсеси жок пенсионерлердей бюджетке бекер жатат да, анча-мынча дарыларды ошол жердеги эптеп оокат кылып жүрүшкөн дарыгерлерге жүктөшүп, кымбат баалуу дарыларды ыйлатып-сыктатып төлөтүшөт. Байкуш Сатыбалдиев ач көздөнбөй жок дегенде өз дарысын өзү алса эмне?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости