www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин соту качан болоору айтылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болот деп күтүлүп жатат. Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу отурум 20-сентябрга жылдырылган.

“Эгерде соттук жараян болуп Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу жакшы болсо ал сотко катышат”, - деди Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости