www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШ менен КЭРдин ортосундагы карама -каршылыктардын өсүшү бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурарын айтты. Ал эки өлкөнү мурункуга караганда олуттуу боло турган жаңы кансыз согуштан баш тартууга чакырды, деп жазат CNN.

Гутерриштин айтымында, дүйнөдө эки өлкө «толугу менен тирешүүгө» айланып бара жаткан жагдай өнүгүүдө. Бул дүйнө үчүн коркунучтуу, деп баса белгиледи ал.

Америка Кошмо Штаттары менен Кытайдын ортосундагы мамиленин курчушу глобалдык экономиканын «экиге бөлүнүшүнө», «карама-каршы аскердик доктриналардын» пайда болушуна, ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө алып келиши мүмкүн.

«Менимче, биз жаңы кансыз согуштан качышыбыз керек, анткени, буга чейинки согушту башкаруу оңой болгон. Азыр баары татаалдашты», - деп жыйынтыктады Гутерриш.

Эске салсак, буга чейин АКШ Кытай менен болгон мамилесиндеги максатын ачыктаган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакинин айтымында, АКШ Кытай менен конфликтке же кансыз согушка умтулбайт, тескерисинче, ачык байланыш каналдары менен мамилени сактап калууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости