www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектүү адам кармалганын бүгүн, 20-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жоомарт (аты өзгөртүлдү) өзүн Аламүдүн районунун тургундарына Башкы прокуратуранын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары тааныштырып, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардагы жерлерди трансформациялоого жана мыйзамдаштырууга жардам берем деп алдап, жарандардан 21 500 доллар алган.

Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранды кармап, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Милиция шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешесин текшерет. Буга байланыштуу укук коргоо органдары кармалган адамдын аракетинен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышууга чакырат: 0 (702) 20-40-70, 0 (705) 00-88-08.

Мындан тышкары, милиция жарандарды жер тилкелерин сатып алганы жатканда жер тилкесинин бардык документтерин дыкат текшерүүгө, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү бийликке кайрылууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости