www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремл колдогон башкаруучу "Бирдиктүү Орусия" партиясы 19-сентябрда добуш берүүнү бурмалоо боюнча айыптоолор жана мыйзам бузуу боюнча дооматтар менен коштолгон үч күндүк добуш берүүдөн кийин парламенттик шайлоодо алдыга чыкты.

Бюллетендердин дээрлик 40% саналып бүткөн соң Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бирдиктүү Орусия" Мамлекеттик думага добуштардын 45% бир аз ашыгын алганын билдирди.

Коммунисттик партия 22% тегерегинде жана улутчул Либерал-демократиялык партия 8,5% тегерегинде добуш топтоду. Андан кийинки орунда "Адилеттүү Орусия" жана "Жаңы адамдар" партиялары келатат. Мамлекеттик думага төрт же беш партия өтөт деп болжолдонуп жатат.

Ал эми оппозиция лидери Алексей Навальныйдын тарапташтары бийликти шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого айыпташууда. Орусияда Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-сентябрда башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости