www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн адамдар депрессия болот? Кантип алдын алуу керек? Бул суроолорго Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатр-нарколог дарыгери Асылгүл Төлөгөнова жооп берди.

Депрессия – адамдын басмырланган, көңүлү чөккөн абалы, сарсанаага батуу, куса болуу, кайгылуу маанайы.

«Азыркы учурда дүрбөлөңгө түшкөн жаштар көп болуп жатат. Мурда биз мугалим уруп койсо эч нерсе болгон эмеспиз. Азыр ата-энеси тилдеп койсо сууга чуркап же дары ичип алышат. Мунун себебин биз маалыматтын көптүгү менен байланыштырсак болот. Мындан тышкары ааламдашуу доорунун аң-сезимге тийгизген таасири абдан чоң. Ошондой эле балдар өз укуктарын аябай жакшы билишет.

Электен өтпөгөн маалыматтын көптүгү жакшылыкка алып барбайт. Ушул маселени да колго алышыбыз керек. Баланы замандын талабына жараша тилин таап тарбиялоо зарыл», - деди ал.

Анын айтымында, депрессия күчөп, нервдик-психикалык ооруга айланып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары ички организмге коркунучтуу ооруларды чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости