www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Асыран Айдаралиев көп жылдан бери Финляндияда жашайт. Алыс жашаса да эл-жерине күйүп, пикирин Фейсбукка жазып турат. Өзгөчө Өмүрбек Текебаевдин жалган жалаа менен камакта отурганына күйөт.

Асыран мырза менен биз интернет аркылуу маектештик.

- Асыран мырза, көп жылдан бери Финляндиядасыз. Ал жакта канча кыргыз бар? Финдер биздин Кыргызстанды билишеби? - Кыргыздар болсо бул жакта дээрлик жок, ашып кетсе 5-6 кыргыз бар, мен билгенден. Ал эми бул жактагылардын, тагырагы, финдердин биз жак менен иштери деле жок. Финдер саясаттан өтө алыс, саякатка жакын эл. Атамбаевдин ким экенин, анын ишмердүүлүгү тургай биздин өлкөбүздү анча биле беришпейт.

- Атамбаевдин ким экенин алар билбесе, сиз билип атасыз да. Ажонун жүргүзгөн саясатына сиз кандай көз караштасыз?

- Атамбаевге абдан чоң үмүт бар эле. Алты жыл ичинде көптөгөн бурулуш иштерди жасап, кыйналган кыргыз элин биримдикке чакырып, ар убак болуп келген ажырымдарды бириктирип, баш коштуруп, жакпаган адамдарын дагы жанына топтоп, жалпы өлкө кызыкчылыгы үчүн аларды алдап-соолап болсо дагы башынан сылап, бир багытты көздөп иштесе болмок. Кээ бир кошоматчылары озунуп айтып жиберген «журт атасы» болуп калуу шансы чынында бар эле. Анте албады, андай мүмкүнчүлүктөн ат чабым алыс калып, ар кандай, омбу-домбу, алашем кадамдарынын айынан андан кол жууду.

- Парламентке кандай баа бересиз?

- Азыркы парламентте «мумулар» отурат. Баягы эле күйүп-бышып, басым-кысымдарына карабай, коркпой бийликтегилер менен тирешип, алардын мыйзамсыз кадамдарын тынымсыз айтып, жар салып, көздөрүн чукуп жаткан азгантай “Атамекенчи” депутаттар. Алар болбосо парламент жок деп койсок деле болот. Карандай жалаа менен көк жал депутат Өмүрбек Текебаевди күчкө салып камап коюшту эле, депутаттардын тилдери таптакыр буулуп «дудук» болуп отуруп беришти. Демек, «Атамекенчилер» жана айрым депутаттардан башкасы, дээрлик басымдуу көпчүлүгү эл кызыкчылыгын ойлоп, кызмат кылат деп айтыш кыйын.

- Президенттик шайлоодо Текебаевди колдооруңуз билинип атат...

- Өмүрбек Текебаев башынан эле чындык деп чыркырап келаткан тажрыйбалуу саясатчы. Аны баарыңар жакшы билесиңер. Ким кандай кабылдап жатканын билбейт экемин. Мен ар дайым акыйкат жана чындык тараптамын, ким болбосун ошолордун жүргүзгөн ишин, саясатын колдойм.

- Шайлоого катышасыз да?

- Албетте, катышмакмын. Тилекке каршы, шайлоого катыша албайбыз. Бирок тынымсыз көз салып, ишенимдүү, эл үчүн иштей турган эң татыктуу талапкерге маалыматтык колдоо көргөзүп, колдон келишинче ар тараптуу жардам берип турганга болгон аракетимди жумшайм.

- Азыркы саясатка эмне жана ким жетишпей турат деп ойлойсуз?

- Ынтымак жетишпей жатат. Ынтымакка чакырган Мелис Эшимкановду эстебей коюуга болбойт. Айрым саясатчылар деле “Мекем болгондо го...” деп ачык айтпаганы менен ичинен кейип жатса керек.  Азыр анын ордун жоктогондор ошол учурда кандай ойдо эле, мага ошонусу кызык.

Мелис Эшимкановдун саясаттагы, маалымат айдыңындагы орду бош калды, азыркыга чейин толукталбай турат. Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү. Айла жок, Мелис Эшимканов бу жалгандан чындап эле мезгилсиз эрте кетип калды. Кудайдын буйругу, жазмыш деген ошондой экен. Эгер анын көзү тирүү болгондо азыркы кырдаалда, дегеле саясаттагы орду таптакыр башкача болмок. Мелистеги өзгөчөлүк, эң башкысы, анын уюштуруучулук жөндөмү жана маалымат таркатуу, жалпыга жеткирүү жагы, мына ушунун ченебеген устаты эле. Азыркылар ушул жагынан катуу аксаганы ачык эле көрүнүп турат. Ойдо жок нерселерди ойлоп таап, ой-тоону караган оппозициянын башын эчак эле бириктирип салмак.

Бешиктен бели чыга электе беделдүү адамдардын катарына кошулуп, такшалып, татаал жолдордун мизи аркылуу тажрыйба топтоп, саясаттын туу чокусуна чыгып, бышып-жетилип, «эми мына» деген мезгилде кете берди. Ушул, Мелис тууралуу жазса сөз түгөнбөйт, кайсы бирин айтып, курулай мактап, каадаланып жазат элек.

- Кыргызстанга болгон сагынычыңызды Фейсбуктан чыгарып жатат окшойсуз?

- Албетте, сагындым. Ата Мекеним алыс, бирок, азыркы заманбап жашоо алыстыкты деле анча сездирбей калбадыбы. Технология ушундай жетишти, каалаган адамың менен каалаган учурда жазышып, сүйлөшүп, ал эмес бет маңдай отуруп алып сырдашсаң болот. Ал эми маалымат алуу жагын айтпай эле коеюн. Бакчанын балдары деле ачып окугандай мезгил келбедиби.

Ушундай учурда өзүңдүн сүйүктүү Атамекениңе, эл-журтуңа, андагы болуп жаткан оош-кыйыштарга, тынымсыз кайталанган жат көрүнүштөргө, бийлик башындагылардын жосунсуз жоруктарына кантип капа болбой, кейибей, көз салбай отуруп аласың. Ошондуктан болгон бош убактымды жумшап, күн сайын чыгып жаткан маалыматтар менен тынымсыз таанышып, өзүмдүн калыс пикиримди айтып-деп, болуп жаткан окуяларга аралашып турууну парзым деп эсептейм.

Назира СААЛИЕВА

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости