www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул эле. Баары жалган. Ошон үчүн жалган дүйнө делет. Бүгүн барбыз, эртең жокпуз, а балким кечти, күндүн батышын көрөөрүбүздү ким билет? Ал бир гана Жараткандын колунда. Өмүр. Өлүм. Өксүк. Адамдар күндү түнүчүндө көрө алышпайт эмеспи. Мүмкүн эмес. Арийне аткан таң, күн сөзсүз түнгө алмашаары бышык. Түн караңгы. Өмүр менен Өлүм дагы дал ушул сымал. Чакыйып тийип турган күндүн бараар жери түн. Жашоонун, жалган дүйнөнүн, Өмүрдүн бүткөн жери Өлүм. Болгону, экөөнүн бир гана айырмасы, Күн кайра чыгат, жаркырап таң атат. Ал ар дайым кайталанып турат. Аалам өз нугуна кайрадан түшүп, тирүүлөр жашоосун уланта берет. А Өлүм артка кайтпайт, ал түбөлүк сапар, келбес жай. Өлгөндүн өз шору дегенибиз эле ошол. Биз, тирүүлөр күнүмдүк, убактылуу, жалган жашообузду бейкапар уланта беребиз. Бирок, качан, канча убакытка чейин билбейбиз, аны билүү мүмкүн эмес жана мааниси деле жок. Минтип, кечээ эле "кеплешип", ар нерсени талашып-тартышып, таарынышып, кайра табышып, "достугубуз, кеңдигибиз кенен болсун" деген тейде тамашалашып, бир "тебишип", кайра келишип жүргөн кесиптешим, досум Келдике бүгүн жок. Ооба, жок!. Баарына кол шилтегенби, урдум дегенби, айтор шарт бурулуп "бастырып" кете бериптир. Күтүүсүз, ойго келбеген окуя. Шонтип дагы бир өмүргө капыл-тапыл күн батты. Келдикенин "күнү" эми караңгы. Келдикенин таңы эми эч качан атпайт, ал түбөлүк, келбес жайга кетти. Келбейт. Эмне кылмак элек? Болгону, биз, тирүүлөр улутунуп, шыпшынып, аттиң демиш болуп койуп кала беребиз. Мындай көрүнүш тынымсыз жана тез-тез уланат жана кайталана берет. Себеби, жашоо, турмуш өзү ушундай. Айтып-дээрибиз, болгон амалыбыз деле ушул. Улуу, ыйык орозо айында ыйманың саламат, жаткан жериң жайлуу болуп, Жараткан жаныңды жаннатан берсин! Башка аргабыз жок!.Кош бол, доске!.

Асыран Айдаралиев

Финляндия, Келсинки шаары. 18-июнь, 2017-жыл.

Маалымат Асыран Айдаралиевдин Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости