www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы гаражда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан айтып берди.

Алар үч кыз, эки эркек бала экени маалым болду:

16 жаштагы кыз;

15 жаштагы кыз;

10 жаштагы уул бала;

6 жаштагы кыз;

2 жаштагы уул бала.

"Өзүнүн тиричилиги бар, орто жашаган, жакшынакай эле үй-бүлө экен. Конокко бара жаткандабы же келе жаткандабы, ууланып жатат, азыр такталууда. Социалдык коргоо кызматына да тактап, балдардын кимдин колунда кала тургандыгы боюнча маселени кароо тапшырмасы берилди", — деп билдирди райадминистрациядан.

Эске салсак, 20-декабрь күнү Ат-Башы райондук милициясына Баш-Кайыңдыда аял менен эркектин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ошол замат жерине ыкчам-тергөө тобу барып, айылдагы гараждын ичинде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаадан 39 жана 38 жаштагы жубайлардын сөөгүн көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости