www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу ­ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-башы айылынын түштүк тарабынан өткөн Ат-Башы дарыясында суунун көлөмү көбөйүп, натыйжада дарыянын оң тарабында жайгашкан Тянь-шань, Жээк көчөлөрүндөгү 40-50 турак жайлар жайгашкан аймакта жер алдындагы суунун деңгээли көтөрүлө баштаган. Аталган аймакта жыл сайын жер алдындагы суунун деңгээлинин мезгилдүү көтөрүлүүсү болуп турат.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү ЖК кызматтарынын жетекчилери менен бирдикте түзүлгөн абал менен жеринде таанышып, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кооптуулукту жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости