www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бир катар мүчөлөрү Нарын облусунун Ат-Башы районунда көчмө жыйын өткөрүп, жолдордун, көпүрөлөрдүн абалы, социалдык объектилердин курулушу менен жеринен таанышып келди.
Алгач эл өкүлдөрү райондун борборуна бир катар айылдар каттай турган Бирлик айылы аркылуу өтүүчү жолдун абалына өз көздөрү менен күбө болушту. Куйрук улаш удаа кетип бараткан же маңдайыңда келаткан машинелер асманга сапырылган чаңдан бири-бирин көрүүгө мүмкүн эмес. Ал эми шыйпыр сымал, аң-чөнөгү аралашкан жол таманынан машинедеги адамдар чыга качкысы келет. Депутат Алтынбек Жунус уулу баштаган эл өкүлдөрү жол оңдоого каражат бөлүнүп жаткан соң, өзүн актабай келген муздак асфальттоонун ордуна ысык асфальт басуу керектигин белгилешти.
Негизи Ат-Башы өрөөнүндөгү айылдар Ат-Башы суусунун өйүз-бүйүзүн бойлой жайгашкан. Мына ошол айылдарды байланыштыруучу район борборунун чыга беришинде Ат-Башы суусуна өз маалында бир тараптуу гана көпүрө салынып калган. Узундугу 189 метрге созулган бул көпүрөнүн тиги башынан машине келатса бул башындагысы күтүп турууга аргасыз. Анан калса бул көпүрөнүн жанында эле мал киндиктүү Ат-Башынын мал базары орун алган. Тар көпүрөнүн азабын далай тарткан жергиликтүү эл депутат Алтынбек Жунус уулуна бир нече ирет кайрылып келишкен. Депутат Калдарбек Баймуратов район эли үчүн мындай маанилүү ролду ойногон көпүрөнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө үчүн тиешелүү министрликтин Долбоорлоо институтуна тапшырма берүү керектигин айтты.
Андан ары сапар улаган комитет мүчөлөрү райондогу Терек-Суу айылындагы мекенчил азаматтардын бири айылына 4 млн 600 миң сомго курдуруп берген бала бакчага дагы баш багышты. Ошону менен катар Калинин айылындагы мамлекет тарабынан курулушу 29 млн сомго белгиленген бала бакчанын пайдубалын дагы көрүштү. Эл өкүлү Алмазбек Эргешов мамлекеттин чамасы чак болгон бюджетин эске алуу менен жогорудагы жеке бала бакча менен мамлекеттик бала бакчанын курулушуна кеткен чыгымдын ортосундагы баага ылайык бала бакча куруу жолдорун издөөнү аткаруу бийлик өкүлдөрүнө сунуш кылды. Депутат Алтынбек Жунус уулу азыркы убакта бош отурбай жумуш менен алектенүүгө аракет кылган айылдыктардан чакан болсо да бала бакча куруп бергиле деген суроо-талаптар көп болуп жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары райондогу көйгөйлөрдүн айрымдары менен гана таанышып үлгүргөндөн кийин, башка маселелерди угуу үчүн райондун шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg