www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башыдагы логистикалык борбор курулса, жайыт калбай калабы?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында логистикалык борбор куруу маселеси көтөрүлүп, Жолдошбаев Камчыбек: ”Логистикалык борбор курабыз деп жатабыз, бирок ошол жерде  0,1 пайыз уйгур бар, ошолор акча берүү менен элди бузуп жатат. Аны өзүңөр “түздөп” койсоңор болбойбу? Мурдагы губернаторду жиберипсиңер аны эл эттүү кесмеге да чакырбай калган. Өзүңөр байкап барбайсыңарбы?”,-деген суроо менен Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

Премьер-министр Абылгазиев: “ Түшүндүрүү иштери болду. Элибиз жумушу жок жүрсө дегендер да бар. Менин оюмча социалдык тармактагы 20-30 киши коомдо терс пикирлерин таратууда. Кой багып, уй багып жүрө бербей, мисалы 10 миң киши айына 15 миң айлык алса 150 миллион сом айлык эле катары таралат. Бул мекеме курулат дегенине 17 жыл болгон. Жакында барып, ал жакта коллегия өтүп, эл менен сүйлөшөбүз”,-деп жооп берди. Премьердин айтымында соода, тамак-аш түйүндөрү ачылып, мамлекет да өнүгөт.

Жолдошбаевдин  “Ат-башылыктар жайыт калбай калды” дейт го деген суроосуна премьер 200 гектар жер Ат-Башыдан Торугартка чейин жатат, жер кенен деген жообун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости