www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен SECO (Швейцария) ортосундагы "Ат Башы ГЭСин реконструкциялоо" долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24,7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган.

КР Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылы "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо"долбоорун ишке ашыруу аяктап, аталган долбоордун алкагында 22,4 млн швейцариялык франк өздөштүрүлгөн.

"Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га чейин жогорулатылган. Станциянын коопсуздугу бекемделип, иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартылган", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости