www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык журналист Такер Карлсонго Россия лидери Владимир Путин менен маектешсе камала турганын эскертишкен. Бул туурасында журналист блогер Лекс Фридман менен интервьюсунда айтты.

"Жактоочуларым мен учуп (Россияга) кетер алдында (ири компанияда иштешет) эгерде муну жасасаң Америка өкмөтү санкцияны бузганың үчүн сени камайт деп эскертишти", — деген Карлсон.

Юристтердин мындай бүтүмү анын "жаалын келтирип", башкы жактоочусу менен сүйлөшкөн.

"Көп нерсе Путинге берген суроолоруңа байланыштуу. Эгерде сен өтө эле "жылуу-жумшак" болсоң, анда сени АКШга кайтып келгенде камашат деди", — деген Такер.

Анткен менен Россияда жүргөндө кооптуулукту сезбегендигин белгилеген.

Карлсондун Путин менен интервьюсу 2024-жылдын 9-февралына караган түнү жарыяланган. Эки сааттык маектин басымдуу бөлүгү Украинадагы чатакка, Россиянын АКШ, НАТО, Батыш менен мамилесине арналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости