www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам жүргөн селдин кесепетинен жеке ишкерге таандык 80 бал челеги жана унаасы агып кетти.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 12-июль күнү саат 20:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган катуу жаандан кийин кокту-колоттон түшкөн суулар Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан ашып, сел жүргөн.
Селдин кесепетинен балчылык менен алектенген жеке ишкер жабыркап, анын 80 бал челеги менен унаасы агып кеткен. Унаанын ичинде болгон бала куткаруучулар тарабынан аман-эсен куткарылган.
Учурда абал туруктуу. Селден улам убактылуу жабылган Ат-Башы–Өзгөрүш унаа жолу кайра ачылып, каттам калыбына келтирилди.
Азыркы тапта тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымды, ошондой эле суу каптаган айдоо аянттары менен чарбалык курулуштарды тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок.