www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.
Маалыматка ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугун баалоо, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында даярдалган.
Изилдөө жана баалоо иштеринин алкагында ар кандай багыттагы объектилер, анын ичинде социалдык инфраструктурага тиешелүү имараттар да текшерилген.
Ошондой эле институттун адистери учурдагы имараттардын техникалык абалын баалап, аларды реконструкциялоо же мындан ары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча тиешелүү корутундуларды чыгарышат.